Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

Достук айыл аймагындагы башаламан курулган объекттер боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү

04.04.2025  12:42

145

Достук айыл аймагындагы башаламан курулган объекттер боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун 2023-жылдын 14-мартындагы №56 “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында,

Шаар куруу жана архитектура департаментине караштуу Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниги А. А. Мажитовдун төрагалыгы алдында жумушчу комиссия Достук айыл аймагында жайгашкан Алма-Ата көчөсүндөгү баш аламан курулган объектилерди аныктоо жана ирээтке келтирүү боюнча дизайн-код талаптарына ылайык рейддик иш-чараларды өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз деп аныкталган объектилердин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам талаптарын сактоо жана мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча эскертүүлөр берилди.