Биз жөнүндө
Шаар куруу жана архитектура департаментине караштуу Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы Чүй облусунда шаар куруу саясатын ишке ашыруу үчүн тынымсыз иштерди жүргүзүп келет. Башкармалыкта жалпы 6 бөлүм иш алып барат:
1. Долбоорлоо бөлүмү
2. Жер мамилелер бөлүмү
3. Геодезия
4. Жеке-менчик үй куруу бөлүмү
5. Бирдиктүү терезе бөлүмү
6. ШКК жана долбоорлорду макулдашуу бөлүмү
Чүй региоаналдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу 2024-жылдын 10-майындагы № 240 токтомунун негизинде иш алып барат.
Жалпы Аламүдүн району боюнча башкармалык 17 айыл өкмөттү жана 55 калктуу конушту тейлейт. Бүгүнкү күндө 55 калктуу конуштун ичинен, 29 калктуу конуштун генералдык планы жаңыртылды. Андан сырткары күнүнө турак жайлардын жерлерин бөлүп, архитектуралык техникалык корутунду, генералдык пландын аткарылышы боюнча арыздар түшүп, аларды ар дайым так аткаруу үчүн иштер жүргүзүлүп келет.
Мамкурулуштун 2008-жылдын 16-июлундагы №91 буйругун аткаруу максатында «Бирдиктүү терезе» принциби киргизилген. “Бирдиктүү терезенин” астында өзүнчө кабинет курулуп, анда компьютерлер, төлөм терминалы жана видеокөзөмөл орнотулган. Бөлмөдө жана коридордо «Бирдиктүү терезенин» материалдарынын негизинде 7 маалымат стенддери, жеке турак жайлардын типтүү долбоорлору менен стенддер, Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан долбоорлор менен стенддер долбоорлонуп орнотулган. Архитектура башкармалыгынын жарандар менен кызматкерлеринин ортосундагы байланышты жеңилдетүү максатында кабыл алуу, берүү жана консультация берүү “Бирдиктүү терезе” бөлүмү аркылуу жүргүзүлүп, бөлүмдө инженердик кызмат көрсөтүүлөр үчүн өзүнчө кабыл алуу терезеси бөлүнгөн. Ошол эле учурда айыл округдарынын жана райондук кызматтардын башчылары менен бирдикте Аламүдүн районунун калктуу конуштарынын борбордук көчөлөрүнүн архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча көрктөндүрүү иш-чараларынын графиги түзүлүп, бир топ иштер аткарылып жатат.
Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында иштеген начальниктер:
Зиновьев Петр Алексеевич 1973-1975-жж.
Катенов Валентин Михайлович 1976-1980-жж.
Сим Роберт Николаевич 1988-ж.
Абдыразаков Кубанычбек Алимжанович -1988-1991-жж.
Кожогулов Марат Илейбаевич 1991-1998-жж.
Акматов Асанкары Садыркулович 1998-2003-жж.
Иманбаев Акылбек Бейшенович – 2003-2005-жж.
Нурбашев Таалайбек Инашевич – 2005-2006-жж.
Арабеков Суйунбай Токтосунович 2006-2013-жж.
Абдиев Бакыт 2013-2013-жж
Курманалиев Бакытбек 2013-2017-жж.
Мырзакулов Мелис Токтогулович 2017-2023-жж.
Нуралиев Улан Жумабекович 2023-ж. (июнь-сентябрь)
Мурзакулов Чолпонбек Станбекович (2024-2024)
Мажитов Алмазбек Абдикаримович (2024 июль)